Кыргыз маданият борбору

Минип жүрүп атын жоготкон кыргызым ай!

kyrgyzhorse

Кыргыз элин кылым кыйырынан, доорлордун бүктөмүнөн бүгүнкү күнгө жеткиргени — баарыдан мурда, алдындагы карабайыр аты болду окшойт.Астындагы тулпарын ушунчалык сүймөнчүлүк, көркөмдүк менен эпикалык деңгээлге жеткире ырдаган (Аккула, Тайтору ж.б.) кыргыздай эл барбы деп сыймыктанып да кетесиң. Кыргыздын “ат, аттан кийин жат”, “аттай арка, тоодой медер” деген ылакап сөзүнүн ар жагында “атка теңдеп алчу” улуу ойдун учугу жатпайбы.

Толугу мененСвернуть )

Белги сөздөр: ,
Кыргыз маданият борбору

Көзгө сүрткөн дарыдай, көз ирмемдеги өмүр

alikul_osmonov

Мындан 25 жыл мурун атактуу акын Алыкул Осмоновдун 75 жылдыгына карата анын киндик каны тамган кичи мекени – Каптал-Арык айылында кан жолдун боюнда үй-музейи жана айкели ачылган. Ал кезде мен партиянын Панфилов райондук комитетинде нускоочу болуп иштеп жүргөн учурум. Музейдин экспонаттарын толуктоо максатында акындын мурдагы жубайы Зейнеп Талибова жашап, эмгектенген Ташкенди көздөй аттандым.

Адегенде Зейнеп эже менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кайсы күнү барарыбызды билдирдик. Эженин үнүнөн кубанычын жашыра албаганы байкалып, “келгиле, келгиле” дегенден башка сөз айта албады.

Биз барар күнү Зейнеп эже үйүнө балдарын чакырып, бизди күтүп жаткан экен.

– Төргө өткүлө, төркүндөрүм, – деди эже ар бирибиз менен жылуу-жумшак кол алыша учурашып. – Жол узак, чарчагандырсыңар, чай алып келгиле.

Ала келген белектерибизди берсек, кадимкидей кубанып калды. Анан Алыкул тууралуу сөз башталды.

Адегенде Зейнеп эже бир азга улутунуп алды да “эмнеден баштаарымды да билбей турам” деп аңгемесин баштады.

 Толугу менен 

Белги сөздөр: ,
Кыргыз маданият борбору

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүү

kyrgyz-tili

Киришүү

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасында полимаданий жана көп тилдүү билим берүү концепциясына ылайык иштелип чыкты. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”Жарлыгы менен тил саясатын өнүктүрүүнүн биринчи кезектеги чаралары жана артыкчылыктары аныкталган.

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстандын элинин биримдигинин негизги фактору болуп эсептелет. Мамлекеттик тилди билүү Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын парзы жана милдети болууга, анын коомдук турмушка активдүү катышуусун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктаган стимул болууга тийиш.

Бул Программаны ишке ашыруу боюнча практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коом катышкан биргелешкен иш-аракеттерин күчөтүү зарыл.

Программада белгиленген максаттар жана милдеттер Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын максаттуу индикаторлоруна жетишүү аркылуу ишке ашырылат.

 Толугу менен 

Белги сөздөр:
Кыргыз маданият борбору

ЗаголовокТаттыбүбү Турсунбаеванын супсулуу элеси көз алдыбызда ошол бойдон сакталуу

12-июлда Таттыбүбү Турсунбаева 70 жашка толмок. Бирок арабызда жоктугу өкүнүчтүү.

Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган.

1960-жылы 16 жашында «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. Айчырайлуу актрисанын көзү тирүү болгондо 12-июлда 70-жашка толмок. Бирок арабызда жоктугу өкүнүчтүү. 

Толугу менен

Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө сөз болгондо бу киши периштедей сахна жылдызы, чанда жаралган талант, ички дүйнөсү баладай таза, ишенчээк жан, анан да Ак Мөөрдүн элесин берген ак куу, трагедияга айланган өмүр, армандуу тагдыр көз алдыбызга келет. Эл арасында «өлгөндөр жаш бойдон калат» деген сөз бар, анын сыңарындай Таттыбүбү Турсунбаеванын жапжаш, супсулуу элеси көз алдыбызда турат. Канча мезгилдер өтүп, канча суу акпасын ошол элес ошол бойдон жүрөктөргө сактала берет.

«Рух-суусунду сендей талант-өзөндөн
Таттык, бастык жаркын талант көчөңдөн.
Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа,
Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн», — деп дагы бир жаш кеткен чыгаан акын Жолон Мамытов жазгандай сулуулуктун, бактысыздыктын оор жүгүн көтөргөн актрисанын тагдырын трагедияга айланткандарды кийинки муун эч качан кечире албайт. Анын ар бир баскан турганы айтып бүткүс уламышка айланды. Белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев Таттыбүбү Турсунбаеванын турмушундагы айрым эл билбеген жагдайлар тууралуу төмөндөгүдөй бизге айтып берген.

Татаал тагдыр

- Таттыбүбү Турсунбаева эженин тагдыры өзүнүн сүйүүсүнөн айрылып калгандыктан татаал, ташкак жолго түшүп туңгуюкка алып барды… Арман менен аяктады. Болот Бейшеналиев байке менен «Шайтандын мөөрү» 2 сериялуу фильмде иштешип калдым. Экөөбүз түн бир оокумга чейин аябай сырдашкан күндөр эсимде. Ыр жазып жүргөн дептери болоор эле. Ырларынын көпчүлүгү эле Таттыбүбүгө арналчу экен. «Эмне эле мынча көп арак ичесиз» деп Болот байкеден сурасам, жүрөктөгү сырын айтып берди. «Ташкенттеги театралдык окуу жайда окуп жүргөндө Таттыбүбү экөөбүз бири-бирибизди жактырышып калдык. Сүйлөшүп жүрдүк. 1-курсту аяктаган соң экөөбүз шерттешип кеттик. Ата-энелерибизге кабарлап, макулдуктарын алып баш кошмок болдук. Таттыбүбү Чаекке барып, ата-энесин көндүрүп, кубанып Фрунзе калаабызга кайтыптыр.

Курсташтын тагдырларга балта чапканы

- Ошол күнү калаадан кечинде капысынан курсташы Имашка жолугуп калат. Сүйүнүчү койнуна батпаган Таттыбүбү «Болот экөөбүз баш кошкон жатабыз» деп сүйүнчүлөйт. Бул жерде Таттыбүбү эженин сулуулугу жөнүндө, Ташкентте 1-курста окуп жүргөндө эле Таттыбүбү эже уламыш болуп калганын айтып кетиш керек. Анын артынан кыргыздын жигиттери эле эмес башка улуттун жигиттери да көңүлүн алганы абдан аракет кылган. «Мурдатан эле Таттыбүбүгө көз артып жүргөн Имаш Эшимбеков кубанычыңарды тең бөлүшүп куттуктап коеюн деп Таттыбүбүнү бир үйгө ээрчитип барат. Ал жерден «сенин кубанычың менин кубанычым» деп башында вино, андан кийин арак менен сыйлап, өз максатына жетет. Эртең менен Таттыбүбү бул эмне кылганың деп аябай ыйлайт. Имаш аны сооротот. Дагы алдайт. Жакшы сөздөрүн айтат. «Эми сен менин аялым болуп калдың, мен сени бактылуу кылам», — дейт. Ошону менен мага жолугушууга келе албай калганТаттыбүбү аябай кыйналат, аргасыз Имаш менен калат. Жашагысы келбейт. Мен болсом ата-энемди көндүрүп, Фрунзеге бактылуу маанайда келгем. Бирок Таттыбүбүнү издеп табалбай койдум. Таң калдым. Күттүм. Кийин сентябрда окуу башталганда, Таттыбүбүнү ошондо көрдүм. Ал мага ыйлады. «Мени кечир» деп… Имаш менен Таттыбүбүнүн чакан студенттик тою өттү» деп Болот байке эскерди.

Бактысыз үч тагдыр

- Бул окуядан кийин Таня эже (Таттыбүбү эжени киночулар Таня деп тергечү) өзүн тирүү арбактай сезип жүрдү. Болот байке болсо окуусун таштайм деген ойго келет. Бирок устаттары ага макулдугун бербейт. Кызык нерсе, Имаш Эшимбеков деле бактылуу болуп кетпейт. Ошентип бир эмес, үч тагдыр талкаланат. Илгери, мен Америкага бардым эле. Бир күнү телевизорду көрүп олтурсам, Тина Тернер аттуу дүйнөгө атагы чыккан ырчы айымдын чыныгы тагдыры тууралуу тартылган фильмди көрдүм. Күйөөсү шумдуктай сабаганына карабай, анын топтой тепкенине карабай, Тина ошонун баарын элден жашырып, чоң ийгиликтерге жетет. Фильмди көрүп жатып эмнегедир Таттыбүбү эженин тагдырын көрүп олтургансыдым. Угушум боюнча, анын күйөөсү да абдан кызганчаак, каардуу болгон экен. Болот байкенин мүнөзү, тескерисинче, жумшак, адамга жугумдуу эле.

«Таня эженин чачы түшүп жатыптыр»

- Мен өзүм Таня эжеге 36 жаштагы кезинде таанышкам. 1979-жылы «Нөшөр» деген фильмимди баштаганда Таня эжени башкы каарман аялдын образын жаратууга чакыргам. Ушунчалык сулуу, бирок күйөөсү жок, карыган кайын энесин багып жүргөн аялдын тагдырын ойномок. Чынын айтканда, өзүнүн өмүрүн чагылдырмак. Накта кыргыз аялынын касиети бар образ эле. Эже апамды багып жатам деп баш тартты. Ага болбой ойноп берүүсүн сурандым. Таня эже шумдуктуудай таланттуу эле. Текст менен тааныштырсам, ошол замат эле эже келиштирип образды жаратып койду. Эженин талантына аябай таң калдым. Эже макул болгон менен ошол кезде чачы түшүп жатыптыр. Чачы кыска. Жасалма чач «Мосфильмден» жасатып келдик. Ал чач келишпей койду. Бүгүнкү күнгө чейин мен арманда болуп жүрөм. Таня эжени киного тартпай калганыма. Акыры бул ролду Кыз Жибектин образын жараткан казак актрисасы Мируэрт Утекешованы чакырдым. Бирок Таттыбүбү эженин деңгээлине жетмек кайда.

«Ак Мөөр менен Болоттой болушту»

- Эми эң кайгылуу сөзгө өтөлү. Таттыбүбү эжени кесиптештери ишенчээктигинен пайдаланып, ичи тарлык кылып өлтүрүп жок кылышкан. Көралбастык — бул элибиздин арасында жүргөн вирус болуп калды. Таттыбүбү эже 1985-жылы жапжаш бойдон каза болгон. «Ак Мөөр» фильминде Ак Мөөр менен Болот тиги дүйнөдө жолугуша албай кайчылаш өтө беришет эмеспи. Болот менен Таттыбүбү чыныгы жашоодо ошондой эле болушкан. Бири-бирине жетүүгө колдорун созгону менен түркүн тоскоолдуктар экөөнү ажыратып турган. Мүмкүн алар тиги дүйнөдөн бири-бирин табышкандыр…

Жолон Мамытов

ТАТТЫБҮБҮГӨ

Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,
Баарын шилеп, көкүрөккө толтурдук.
Бизге энчиге берилгендей ушул көрк
Канча оюнда жагалданып отурдук.

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына
Эл-күзгүгө бир каранган экен да!

Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган
Элиң эсен оюнуңа агылган.
Сезимдерде кайталанып тураарсың
Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.

tattybubu4tattybubu1
tattybubu2tattybubu3

Жамиля Нурманбетова“Кабар ордо”, 30.06.14

 

Кыргыз маданият борбору

Сайттагы жаңы сөздүктөр

kg

Сайтыбыздын «Үйрөн (сөздүктөр)» баракчасына жаңы сөздүктөр жайгаштырылды. Алар негизинен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайтынан алынды. Бул сайттан каалаган китептерди алууга комиссиянын жетекчиси Э.Эрматов уруксат берген. Ошондой болсо да айрым, автордук укуктар боюнча талаптар каралган сөздүктөрдү алган жокпуз. Аларга шилтемелерди гана беребиз. 

Толугу менен

“Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк”, Түзгөндөр: Каратаев О.К., Эралиев С.Н, Бишкек, 2005

Кыргыз тилинин жыштык сөздүгү, Түзгөндөр: Кулалиева К., Мамадиев А., Бишкек, 2013

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү, Бишкек, 2009

Грамматика кыргызского языка, Краткий справочник для абитуриентов и школьников, Бишкек, 2002

Эл дөөлөтү – Эне тил, Макалалар, мектер, ырлар, Түзгөн: Станалиев С., Бишкек, 2012

“Kyrgyz-English-Russian” TECHNICAL DICTIONARY, Түзгөндөр: К.Курманаалы, Нурбек Карыпбек, Бекнур Карыпбек, Бишкек, 2005

КР Салык кызматынын орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгү (талкуудан өткөрүлгөн-кыскартылган варианты)

Чет элдик жаңы сөздөрдүн Орусча – кыргызча сөздүгү(чечмелөөсү менен), Автору: Е.А.Окунцова, которгон: Жусуп ажы Султанов, Ош, 2014

Стоматологиялык терминдердин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү, Автору: Амираев У.А., Бишкек, 2009

Биология илимдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү, Автору: Алдашев А.А., Бишкек, 1998

Русско-кыргызский разговорник, Автор: Калыева Ө., Бишкек, 2010

Хочу говорить по-кыргызски, Учебник, Авторы: Абылкасымова М.А., Исманкулова А.Т.,  Саякбаева А.Б., Бишкек, 2013

 

Белги сөздөр: ,
Кыргыз маданият борбору

ЭТ БЫШЫРУУ

et_byshyruu

Кыргыздын мына ушул кой союу, этти мүчөлөө, бышыруу, тартуу боюнча атайын эмгек жазып жүргөн мекендешибиз М.Эстебесов баса белгилеп кеткендей, эт бышырууда устукандардын эти ажырап, эзилип калбай, даамдуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Сорпонун түсүнө, даамына да маани берилет. Этти казанга бышырсак даамдуу болот. Бышкан эттин даамы койдун тукумуна, жеген жем-чөптүн өзгөчөлүктөрүнө жараша болору белгилүү. Кыргыз элинде этти туура бышырууга чоң көңүл бөлүнүп келген.

 

Толугу менен

Айыл-кыштактарда, жайлоолордо эт очокко орнотулган казанда бышырылат. Казанга этти коноктун санына жараша, же жарым койдун эти, же бир койдун эти дээрлик салынган учурлары көп кездешет. Адегенде казанга муздак суу куюп, сууга эт салынат. Суунун деңгээли (2–3 см.) эттен жогору болушу керек, андан кийин гана очокко от жагылат. Эгерде эт ысып калган сууга салынса, бышкандан кийин кызарып, көзгө комсоо көрүнүп калат. Этти бышырууда отту да туура жагуу талап кылынат. Эгерде отту алоолонтуп чоң жагып алсак, анда, биринчиден, кайнаган суу ташып, сорпо коромжу болуп калышы мүмкүн, экинчиден, шарактап катуу кайнаганда эт катуу бышып калат. Ошондуктан суу бир кайнагандан кийин отту басаңдатуу керек. Казандагы суу жай кайнаганда эт эзилбей, мыкты бышат. Казан кайнагандан кийин этке туз салынат. Казан кайнаганда пайда болгон көбүк (чий көбүк) башка идишке кашык же депкир менен алынып салынат же сорпону улам-улам сапырып чий көбүктү таратат. Чий көбүк алынып бүткөндөн кийин кайнаган сорпону тез-тез сапырып туруу керек.

Казандан чий көбүктү алуу, көбүнчө биздин республикабыздын түндүк аймактарында колдонулуп келе жатат. Чоң койдун эти казан кайнагандан кийин 2–2,5 сааттан кийин, ал эми козунуку 1–1,5 саатта бышат.

Этти казанга салуу иши да өзүнчө жол менен жүргүзүлөт. Казандын түбүнө биринчи каржиликти, моюнду, боконону жана колдун этин салышат. Казан бир саатча кайнагандан кийин этти оодарып коюшубуз керек. Этти оодаруунун негизги себеби – эт эзилбей, устукан ажырабай жана текши бышышы үчүн жүргүзүлөт. Этти оодарганда, сорпонун үстүнкү катмарындагы жиликтерди башка идиштерге салып, андан кийин ишке киришүү эт бышырган адамга бир топ эле ыңгайлуулуктарды түзөт.

Эттин бышканын сорпонун даамы аркылуу билсек болот.

Шаарда, коммуналдык квартиранын шартында, этти чоң мискейлерге салып, газга бышырат. Газдын жакшы жери – оттун табын өзгөртүп турууга ыңгайлуулугу, бирок мис­кейде эт текши бышпайт, ошондуктан этти убагы менен оодарып туруу зарыл.

Жыпар ИСАБАЕВА“Кыргыз Туусу”, 07.05.2014-ж.

 

Кыргыз маданият борбору

ТОКСОН ҮЧҮНЧҮ ЖАЗ

s_eraliev936

Кыргыз эл акыны, согуштун ардагери Сүйүнбай Эралиев азыркы учурда элибиздин нарктуу аксакалдарынын бири. Мына быйыл 93-жазынын чайын ичип отурган кез. 9-май Жеңиш күнүнө карата Сүйүнбай ата сүйлөп бербесе да өзү эскерип жазган өмүр ирмемдерин сунуштады.

 

Толугу менен

1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу өрөөндө жарыкка келипмин, анда бозүйдө отурчу экенбиз. Айылдын аты Үч-Эмчек, Талас району. Айылдын күн батыш жагында анын көркүнө көрк кошуп, кадимки кур курчагансып, кийин мен ырларымда ырдаган өзүнчө бир кооз Кур-Таш бөксө тоосу турат. Апам Разия өтө адептүү, башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, алпейим киши эле. Атам Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй-кою бар, өз оокатына камкор болчу. Негизги кесиби — саяпкерлик. Күлүк аттарды таптап, чоң мелдештерге байгеден чыгарып, ошол чөлкөмдө биртоп кадыр барктуу эле.

Согуш чыккан күн жана Тбилиси

Согуш чыккан күн. Күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Баары чакчелекей түштү. Аскерге жарактуунун баарына чакыруу келе баштады. Биздин мугалимдердин, жогорку класстагылардын биртобу фронтко кетип, мектеп жабылды. Ошо бойдон окубай калдык. Мен бекер жүрбөй «Сталиндик жеңиш» деген райгезитте корректор болуп иштеп калдым. Анан «баары кетип жатса биз бул жерде жүрө бербей Мекенди коргошубуз керек» деп санаалаш жигиттер военкоматка бара бердик. Акыры бир күнү чакыруу келди.

1941-жылдын июнь айында бизди Кара-Балта шаарчасына жакын жерде жаңыдан уюшулган кыргыз атчан аскерлерди даярдоочу полкко жөнөттү. Ар бирибизге бакканга бирден ат беришти. Биринчиден, ошол аттарды багып, анан атчан ¬согушууга, ат үстүндө кылыч чаап, душманга чабуул коюуга, ар кандай согуштук ыкмаларга үйрөтүп жатты.

Алты айдан соң, 1941-жылдын декабрь айында бизди Фрунзе станциясынан поезд менен фронтко жөнөттү. Түз эле Москвага апкелди. Тек Москвага жетип-жетпей немецтер биздин поездди бомбалап, согуш деген эмне экенинин четин ошол жерден эле көрө баштадык. Ал жерде бизди бөлүктөргө бөлүштүрүп, мен мурда даярдалгандай атчан аскерлерге эмес, жөө аскерлер бөлүгүнө туш келдим. 8-гвардиялык дивизияда 747-аткычтар полкунда мен сержант наам менен командир отделения болуп, согуштун бардык азап-тозогун көрүп, өрт аралап, кан кечип үч жыл жүрдүм. Їч жолу катуу жарадар болуп, эң акыркысында Тбилиси госпиталында жаткандан кийин, 1944-жылдын февраль айында согушка жараксыз катары медсестра коштоп апкелди. Жарааттарым көпкө айыкпай, 2-3 жылдан кийин гана балдаксыз басып калдым. Тактап айтсам, ошол жарааттардан жана контузиядан өмүр бою азап чегип келем…

Тбилиси госпиталында жатканыма баш-аягы кырк жылдай убакыт болгондо Тбилисинин көчөлөрүндө кайрадан басып жүрдүм. Бул сапар соомун. Грузин достордун, жазуучулардын чакыруусу менен адабий кеңешмеге келгем. Фрунзеден аттанып чыккандан тартып, оюмда өзүмдү бир кезде өлүмдөн алып калып, айылыма аман жөнөткөн госпиталымды кайра бир көрүү тилеги делебемди козгоп, тынчымды ала баштаган. Кеңешменин бүтүшүнө араң чыдап отурдум, бүтөр замат госпиталды издеп жөнөдүм. Тилекке жараша, бизди алып жүргөн шофер да согуш убагында дал ошол мен жаткан госпиталда дарыланган эски жоокер экен. Дароо эле алып келди. Мен анда үчүнчү кабаттагы палатада, күн батыш жактагы чоң терезенин түбүндө жатчумун. Терезенин нак тушунда адыр бар эле. Ошол адырга фуникулер (зымда жылган вагондор) чыгып, кайра түшүп келип турганын көрүп жатчумун. Ошондо бир бөлмөнүн эшигин ачар менен: «Менин палатам ушул болчу!» деп кыйкырып ийдим. Баягы фуникулер кудум ошондогудай болуп өйдө-ылдый жүрүп турган экен. Аянычтанбы же сүйүнүчтөнбү көзгө жаш тегеренди. Менин алдымда палата эмес эле бир кезекте аябай жакшылыгы тийген, өз өмүрүм үчүн мен ага милдеттүү болгон бир боорукер, жарык жүздүү, кең пейил адам тургансыды. Жок, мээрман эне тургансыды. Андагы сезимди айтып берүү мүмкүн эмес…

Деңиз жээгинде отурам…

Деңиз жээгинде отурам. Артымда бүт Сицилия аралы. Аңгыча болбой арал кораблге айланып, мени алган боюнча аягы жок, башы жок, таканчыктаар жери жок мезгилде, адамзат мезгилинде сүзүп бараткан окшоду. Артындагы чиркешкени — өткөн мезгил. Эмне үчүндүр мындай ой келди. Мага чейин бул дүйнөдө баары эле болгон, мен гана боло элек болчумун. Башкалар сыяктуу мен да бир ирет жаралдым. Бүгүнкү күн да бир ирет келген, батты бүттү, экинчи кайрылбайт. Жаңы күндөр келет, бирок эч бири бүгүнкүгө окшобойт. Мен да ошондой. «Андай болсо кел, Күнүм, тирүү кезде бир кол кармашып деңиз сапарына чыгып калалы!» дейм.

Ал эми мен кантип акын болуп калдым?

Бул суроону мага окурмандар көп беришет. Кабарчы менен болгон кайсы бир маегимде мен бул суроого мындайча жооп бергеним эске түшөт: «Кайсы бир күнү кебелбес тоолор менен лепилдеп соккон шамалдын алым сабагын кулагым чалып калгандай болду. Ошол бир керемет кепке кызыгып кулак тоскуча, адырдан алкынып түшкөн дайранын толкуну аны алыска алып жөнөдү. Оро-пара кулагым чалып, жүрөктөн орун алган ошол Табият сырын алда кимдер менен бөлүшкүм келген. Анан ошого үндөш касиеттүү сөз ыргагын өмүр бою издеп келем. Бирок акындык кереметтүү тагдырдын табышмактуу сыры көп го…

s_eraliev935
s_eraliev931

s_eraliev932
s_eraliev933

s_eraliev934

Жамиля Нурманбетова«Кабар ордо», 07.05.2014-ж.

 

Белги сөздөр: , ,
Кыргыз маданият борбору

КОЙ ЭТИН УСТУКАНДОО ЖАНА ТАБАК ТАРТУУ

ustukandoo

Эт бышкандан кийин, казандан же мискейден атайын депкир, сузгучтун жардамы менен өзүңчө бир табакка же чарага чыгарылат. Этти чыгарууда ус-тукандар эти менен ажырабай чыгарылуусу керек.

 

Толугу менен

Устукандарды ар бир табакка бөлүү табак тартуу деп аталат. Ар бир табакка жиликтерди бөлүүнү устукандоо деп эсептесек болот. Табак коноктун санына, сыйына жараша тартылат. Мисалы, төрт же беш кишиге бирден табак тартылат. Табак коноктун сыйына жараша жогорку (улуу) табак, ортончу (экинчи) же кичүү табак делип бөлүнөт. Жогорку табак коноктун, куда сөөктүн аксакалдарына, сый конокторго тартылат. Кыргыз элинде этти устукандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

Жумшак эттүү, майлуу устукандар, мисалы, жамбаш, карчыга, кашка жилик, жото жилик — аксакалдарыбызга, карыларга, сыйлуу конокторго (куда-сөөккө) тартылат. Арка, моюн, далы, кар жилик — жаштарга тартылат.

Эң улуу устукан болуп жамбаш эсептелинет, андан кийинкиге кашка жилик, жото жилик, карчыга тартылат. Ал эми куймулчак аялдардын улууларынын үлүшүнө тиет. Баш улуу устукандарга кирет, айрым аймактарда баш кичүүлөргө тартылат. Ысык-Кал, Нарын аймактарында кар жилик кыздарга тартылбайт (тез карыбасын деген мааниде), күң жилик табакка таптакыр тартылбайт. Карчыга болсо, кабыргаларга бөлүнүп, жетишинче башка устукандар менен бирге тартылат (эгерде устукандар меймандарга жетиштүү болсо). Башты табакка тартканда, бир кулагы кесилип коюлат.

Табак тартуудан мурун, үй ээсине ооз тийгизет. Ар бир табакта отургандардын кичүүсү устукандан (эттүүлөрүнөн) этти беш бармак жасоого туураш үчүн кесип алып, устукандарды ар бир кишиге улуулугуна, сыйына, жолуна жараша ыйгаштырат. Табакта отургандардын кичүүсү бөлүнгөн сулп этти майда туурап, беш бармак жасайт. Беш бармак майда тууралган этке кесме (камырды), ысык сорпону (чыкты) кошуп жасалат. Айрым учурда жегиликтүү болсун үчүн, чыкка тууралган пиязды кайнатып кошот.

Эт чыгарылып, табак тартаар маалда коноктордун колдоруна үй ээсинин кичүү баласы же туугандары жылуу суу куюшат. Беш бармак желип бүткөндөн кийин табактар алынып, дасторкон жыйналып, бата кылынгандан кийин, колго ыкчам суу куюлат.

Кашка жиликтен — томук, жото жиликтен — чүкө чыгарылат. Алар мүлжүлүп-тазалангандан кийин оюн ойноого жумшалат. Ар бир устуканды таза мүлжүү керек, жиликтери чагылып, чучуктары желет да, кийин итке берилет, же жерге көмүлүп, отко жагылат. Таза мүлжүлгөн далынын сөөгүнүн көрүнүшүнө жараша келечектеги турмуш да сүрүлөт.

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу», 13.05.2014-ж.

 

Кыргыз маданият борбору

КЫРГЫЗ ШЫРДАГЫ АКШНЫН МУРУНКУ ПРИЕЗИДЕНТИНИН ҮЙҮНДӨ САЛЫНЫП ТУРАТ

shyrdak

Кыргыз шырдагын дүйнөгө тааныткан Самара Токоева бизге шырдактын жасалышынан тарта кирешесине чейин төкпөй чачпай маек куруп берди.

 

Толугу менен

-Шырдак жасоо өнөрүн кимден үйрөндүңүз эле?
-Мен көлдүк болгондуктан Ысык-Көлдө шырдак көп жасабайт. Нарынга келин болуп калгандыктан шырдак жасаганды кайненемден үйрөндүм. Кайненем мурун эле шырдак жасап жүрчү экен. Ал союз учурунда шырдакты үйгө эле жасап келсе, базар экономикасына өткөндөн тартып сатыкка чыгара баштаган. Мен шырдак жасаганды мурун билбесем дагы апам тон тиккенди билчү. Апаман тон тиккенди үйрөнүп, шырдак жасаганды бат эле өздөштүрүп кеттим. Ошондой эле бул өнөр унутта калып калбасын деген таризде шырдак жасоону кийинки муундарга да өткөрүп берели деп мындан ары да өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Азыркы тапта 6-8 класста окуган кыздарыма шырдак жасаганды үйрөтүп койгом. 17 жылдан бери шырдак жасап өз өнөрүмдү элге тартуулап келем. Шырдактан кесилген өөндөрүн ыргытпастан кичинекей боз үй, кыздар көтөргөн сумка, куурчак, сувенирлерди жасайбыз.

-Шырдак жасоо абдан эле көп мээнетти талап кылабы?
-Албетте, шырдак жасаш жеңил-желпи иштерден эмес. Шырдак жасаш үчүн атайын 20 чакты кыз иштетебиз. Бир шырдакты бир аял 2 айда жасап бүтөт. Биз чогуу жасагандыктан 4 күн тынбастан иштеп бүтүрөбүз. Шырдак дароо эле жасалып калбайт. Алгач жүндөрүн өзүбүздүн малдыкынан кыркып алабыз. Ал жетпегендиктен айылдардан жүн алып келебиз. Андан соң жүндү сабайбыз. Андан кийин жөрмөп, ойгондон кийин анан шырыйсың. Андан соң гана шырдак даяр болот. Бир кичинекей боз үйдү бир күндө араң экини жасап бүтүргөнгө үлгүрөм. Шырдак жасалып бүткөн соң аларды сатыкка чыгарыш үчүн көтөрүп жүрүш керек. Мен болсо 20 чакты шырдакты көтөрүп жүрүп белимди оорутуп алдым. Ошондон кийин күйөөм жардам бере баштады. Шырдакты жасаш үчүн ден соолугубузду кетиребиз. Бирок шырдакты сатып алып отургандардын ден соолугуна пайдалуу. Шырдактын жээктерин адам баскан сайын таманга массаж болот. Шырдакты жасаш үчүн сүрөтчүлүк өнөр керек. Ошондой эле адамдын фантазиясы күчтүү болушу кажет. Мен жасаган буюмдардыкына окшош үлгүдө Ош базарында кийиз, сувенир саткандар толтура. Бирок мен жасаган шырдак, кийиздер менен алар жасаган шырдактардын айырмасы асман менен жердей.

-Шырдакты сатып алгандардын саны арбын эле болсо керек?
-Шырдак жасап көп киреше тапса болот. Бир кичинекей шырдактын баасы 10 миң сом. Шырдактарды көргөзмөлөргө коюп сатабыз. Ошондой эле дүкөндөргө сатыкка коёбуз. Орто Азия кол өнөрчүлөр Ассоциациясынын мүчөсү болгондуктан ай сайын Казакстанга барып шырдактарыбызды көргөзмөгө коюп сатып турабыз. Кайненем жасаган буюмдарын чет өлкөлөргө барып сатып келип турат. Кардарларыбыздын көпчүлүгү чет өлкөлүктөр болуп саналат. Алар биздин буюмдарды баалап алышат. Анткени алар жүндүн адамга пайдалуу экендигин изилдеп чыгышкан. Чет өлкөлүктөр, кыргыздын шырдактарына бир дагы химиялык зат кошулбастан колго жасаларын билишет. Айрыкча, Германиядан, Сауд Арабиясынан келишип шырдактарды алгандардын саны арбын. Кайненем чет өлкөгө барып жасаган буюмдарды сатып келип турат. Ошондой эле өткөн айда шырдак көргөзмөсүн өткөргөндө 150 шырдак сатылды. Ал эми кыргыздар эми гана шырдактын касиетин билип сатып ала башташты. Чоң шырдактарды колунда барлар алат. Кызга сеп бериш үчүн шырдактарды сатып алгандар да арбын.

-Шырдак жасоо менен кандай ийгиликтерге жеттиңиздер?
-Кол өнөрчүлөрдүн 4 жолку сынагында жеңүүчү аталдык. Шырдак жасоо менен көпчүлүк элге таанылдык. Ошондой эле чет өлкөлөргө барып өзүбүздүн чеберчилигибизди көрсөтүп турабыз. Президент Алмазбек Атамбаевдин инагурациясында биз жасаган шырдак анын алдында салынып турду. Биздин шырдактар Азербайжанда өткөн Юнесконун маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Ал жыйынга апам, депутат Карганбек Самаков менен бирге барып келди. Роза Отунбаева биздин шырдактарды баалап, аябай көп алып турат. Ал президент болуп турган убагында биздин шырдактарды АКШнын мурунку президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтонго алып барып берген. К.Самаков Азербайжандын президенти Илхом Алиевге жана маданият министрине биздин шырдактарды беллеке берди. Биздин колубуздан жаралган кыргыз шырдактары, Б.Клинтондун, И.Алиевдин үйүндө турганына албетте сүйүнөбүз.

Сапар Акунбеков“Кыргыз ордо”, 25.04.14

 

Белги сөздөр: ,
Кыргыз маданият борбору

Нурланбек Кайрыев

n_kayryev

 

* * *

Көлүм сенсиң, көйкөлгөнүң сагынып,
Келдим сага тоо суусундай агылып.
Кабыл алчы, тамчыларын сүйүүмдүн
Толкундарың бирден алсын тагынып.

Көл чагылтып толсо дүйнө көркүнө,
Менин дүйнөм сенин балбал көзүңдө.
Тоо суусундай таштан-ташка урунган,
Тирек болчу менин тентек кезиме.

Көлүм сенсиң жээгиң бойлой дайым жаз,
Тоо суусу мен толкунуңа тагдырлаш.
Тереңдигиң барктап жүрүп өтөйүн,
Тентегиңдин сен да таалай, багын ач.

 

Дагы

 
* * *

Сен мени аяйм депсиң, аябагын
Сезсең да сен деп сезим канаганын.
Өкүнүч тапсам дагы махабаттан
Өмүрдө өзгө тагдыр каалабаймын.

Сүйүүдөн жаздым, аздым, жараландым,
Сүйүүдөн арууландым, тазаландым.
Арбалган махабатка бечара эмес,
А көрө сен өзүңдү ая, жаным.

Маңдайга көрөм тагдыр ыйгарганын,
Мени аяп ичтен сызып кыйналбагын.
Аясаң, ошол мени кыйбаганың,
Сүйгөнүң, бирок аны туйбаганың.

 
БАЛАДАЙ АРУУ МАХАБАТ

Жүрөктө сүйүүм өзүңө
Жүгүрүп турат баладай.
Балбылдайт үмүт көзүндө,
Жаркыным, койбо тааныбай.

Мүнөзү шашма, жанга ынак,
Өзүң деп суусап, күйүгүп.
Алдыңда турат жаркылдап,
Мээримиң төкчү ийилип.

Баладай баёо сүйүүмдүн
Эси бар, бирок жок ары.
Сен сылап тентек көкүлүн,
Сынбаса экен назары.

 

КОНСТАНТИН СИМОНОВ. «КҮТКҮН МЕНИ»

Күткүн мени, сөзсүз келем.
Күткүн бирок зарыгып.
Күзгү куса жашыӊ көздөн
Турса дагы агызып.
Күткүн жайда. Бороон уруп,
Күткүн ак кар жааганда.
Башка адамдар унутулуп,
Күтөөрү жок калса да.
Күткүн мени, алыс жерден
Укпасаң да кабарым.
Күтүшкөндөр сени менен
Мейли акыры тажасын.

Күткүн мени, сөзсүз келем
Күткүн мени, арада
Унут аны дегендерге
Эч жакшылык каалаба.
Уулум, апам мейли ишенсин
Мен дүйнөдө жогума.
Досторум да келбейт дешсин,
Туруп оттун боюнда,
Ачуу вино мейли ичишсин
Элесимди эскерип.
Күткүн мени, күчүң жетсин
Болбо аларга тең шерик.

Күткүн мени, аман келем
Миң өлүмдүн шоруна,
Күтпөгөндөр айтып-дешээр:
– Ажалынын жогу да. –
Ал адамдар күтүшпөгөн
Кайдан билсин эзели.
Күтүп жүрүп мени өлүмдөн
Сактаган сен экениң.
Билебиз да биз себебин
Өрттөн келүүм жок болбой, –
Болгону сен күтө билдиң
Эч бир жанга окшобой.

 

Роберт Рождественскийден
* * *

Адамга аз эле нерсе керек:
Издөө жана издегенин табуу керек.
Баарынан да бир дос жана
Бир душманы болсо жетет…
Адамга аз эле нерсе керек:
Жол болсо жакшылыкка баштап кетээр.
Адамга бул дүйнөдө эне керек,
Алпештеп мээрим төгүп эркелетээр.
Эненин узак өмүр жашы керек…

Адамга аз эле нерсе керек:
Чуудан кийин тынчтык басса жүрөгүн,
Жалгыз өмүр
Жана дагы бир өлүм.
Ошол жетет.
Таң алды гезит болсо окуганга
Адамзат акылына ортоктошоор.
Керек ага жалгыз гана планета:
Жер деген!
Болгону ошол.
Анан да
Сапар чегүү жылдыздар арасына,
Кыялдар ылдамдыктар жөнүндөгү.
Көп деле эмес бул чынында,
Сыйлыктын да эмес чоңу,
Бийиктиктин эмес орду.
Адамга аз эле нерсе керек:
Үйүндө аны
Кимдир бирөө күтсө болду.

 

Белги сөздөр: , ,
Кыргыз маданият борбору

ФЕЙСБУКТУН ЫР КУРЖУНУНАН

ЖАШЫЛ ЖАЙЛОО – ЖАШЫЛ КЕЗ

Ээн жолдогу бала күндүн карааны,
Эрбеңдеген кечки туман, кечки жай.
Кеткен бойдон кой кайтарган кыр менен,
Келбей койгон убаданын бектиги ай.

Таң эртеңде, жайлоо бетте шүүдүрүм,
Кепшеген кой маңырайып бурулган.
Жылкы менен кошо келчү желеге,
Мен айдаган жайлоодогу буурул таң.

 

Толугу менен

Жылкы саамдай тез- тез өткөн мезгилдин,
Жакасында торпок эмген энесин.
Жашыл жайлоо, жашыл жаштык, жашыл кез,
…Күн куйкалап салды бирок денесин.

Кызык элек… Менден улуу тууганым,
Биргелешип май чучукту уурдадык.
Жедик аны таш бооруна жашынып,
Кетти бизден ал жылдар да уурдалып.

Мен кырларда далай жолу ырдадым,
Кырлар, тоолор, аңыз- түстөр угушчу.
Мен аларга бийлеп берчүм шамалдай,
А шамалдар баарын тыйпыл кылышты.

Ээн жолдогу бала күндүн карааны,
Жайлоодогу кол чырактай илинген.
Жай кечинде кой издеген атамдай,
Батты жылдар капкараңгы иңирге.

Ээн жолдогу бала күндүн карааны!

Жазгүл Жамангулова

 

УЙКУГА КАЙРЫЛУУ!

Түтөттүм үмүтүмдү чычалага,
Түйшүктөр бош койгула! Тушап алба.
Оюмду бүгүн ырга айлантайын,
Оо, уйку, кирпигимди ушалаба.

Ой терем- бышкан өндүү өрүк күбүп,
Олтурам калем менен көбүк сүрүп.
Уктабай санаа тарткан кыргызыма,
Уйкуму берейинчи бөлүштүрүп.

Бук болот жетим сымал ырсыз жаным,
Баратат желе басып турмуш таңын.
Удургуп чарчадынбы пикеттерден,
Уйкумду алчы менин Кыргызстаным.

Басканча мүрзөлөрдүн тепкичтерин,
Түйлгөн түйүнчөктү чечишермин.
Тирүүлүк барда эмгек жаратайын,
Түбөлүк уктаганга жетишермин…

Тирүүлүк барда ЫРЛАР жаратайын,
Түбөлүк уктаганга жетишермин…

Мелис Маматжанов

 

* * *

…мага окшоп жүдөөсүң ээ, мекеним?,
түйшүк тарткан жүздөрүбүз жүдөңкү,
үзүк-созук жамак салган этегиң..,
жардамым жок, күнөөлүмүн, төгүнбү?!

кийгизбедик уул-кыздарың кур дымак,
көйнөк алып, көөлбүтүп көркүңдү,
же санааңды тынч койбодук чуркурап,
уялабыз кийимиңден жупуну.

көптү көргөн ойлуу жүзүң чарчаңкы,
көз чаптырып олтурабыз талаага,
күткөнүбүз багып алар бир уулуң..,
ойлорубуз батып түркүн санаага

ээрчип жүрөм баштыгыңды көтөрүп,
эрмек болуп унчукпаган карааным,
эртеңкиден үмүт артып, нур көрүп,
эр көкүрөк уул-кыздардын бараанын..,
эр көкүрөк уул-кыздардын кадамын.

Рахат Аманова, 20.04.2014.

 

САГЫНЫЧКА САРГАЙСЫН ЖЫЛДАРЫБЫЗ

Ыр дүйнөмдөн кайрылып келбе жаным,
Андан көрөк арбалып мен барайын.
Ыр үстүндө ымыркай жаратууга,
Өмүр бою өзүңө камданайын.

Дүйнөсүнөн Күтүүнүн келбе жаным,
Сагынычы чоң бакыт мендеги анын.
Андан көрөк талытып канатымды,
Ырга айланып сен жакка мен барайын.

Турмушумда кезикпе, келбе жаным,
Жоготпогун өзүңдө,менде барын.
Тажашкандан көрөкчө- күткөн жакшы,
Сагынычка саргайсын жылдары анын.

Бийигинен сүйүүнүн түшпө, мага…
Жете албайын, жеткирбе, күтпө мага.
Ай нурунан ак жоолук салып алып,
Айылыңдан жолугам түштө гана…

Ыр дүйнөмдөн кайрылып келбе, жаным.
Сагынычка саргайсын.жылдары анын.

Жыпар Исабаева

 

Жыпар Исабаевадан жарыя:

Кымбаттуу китеп ышкыбоздору, поэзия сүйүүчүлөр! Москвалык окурмандардын, Жамила эжебиздин демилгеси менен Сиздерге арнаган жаңы ыр жыйнагым даярдалууда. Алуучулар алдын ала заказ кылыңыздар. Китеп саналуу (заказ кылуучулар үчүн) гана чыгат. Китеп баасы 300 сом.
Сом учун: 1370420201103039
Рубль учун: 1370420201103040
АКШ доллары учун: 370420201103041
Бай тушум банкы,
тел.: 0770399249, 0771338808

 

Белги сөздөр: ,
Кыргыз маданият борбору

ТОКТОГУЛ – ТӨКМӨ АКЫНДАРДЫН ТУУ ЧОКУСУ

toktogul

Акындарын макташып,
Ар бир колот — желдеңдейт.
Асмандап учкан Токомо,
А бирок, бири тең келбейт!

 

Толугу менен

Токтогул кыргыз төкмө акындарынын туу чокусу. Биринчиден, анын ырлары бардык шакирттери тирүү кезинде жыйналган. Ошондуктан ак таңдай акыныбыздын саптарында ар кандай кошулмалар жок деп эсептейм. Экинчиден, чыгармаларды топтоону кыргыздын суу төгүлгүс  жорго, лирик акыны Жоомарт Бөкөнбаев жетектеген. Ал анда “Ленинчил жаш” гезитинин башкы редактору болуп турган. Кыргыздын жалпы төкмө акындарынын салмагы, чен-өлчөмү Токтогул менен өлчөнүп калганын баарыбыз билебиз. Ала-Тоонун кайсыл колотунан акын чыкпасын, ал сөзсүз барып Токомо жолуккан. Ага жолуккандан кийин университеттин дипломун алгандай болуп айылдарына кайтышкан. Ошондуктан, кийинчерээк кээ бирөөлөр шакирттеринин баары өлүп жок болгон “кыйын” делген төкмө акындарын колотторунан сууруп чыгышып Токомо теңей башташты. А эмне үчүн башка акынга теңештирбейт? Сөзсүз Токтогулга жармаштырыш керекпи? Туура. Токтогулга жармашса мейкинге эртерээк чыгат эмеспи.

Ааламдын акыны, казактын акыны Олжас Сулейменов:

Возвысить степь,
Не унижая горы!-деп жазган эле.

Тоолорду макташ үчүн талааларды жалпайта чаппасак. Ар бирин өзүнүн кереметтери менен ачып берсек деген ой айтылган ушул эки сап ырда.

Дал ушул сыяктуу кыргыз төкмө акындары жөнүндө сөз болгондо мен жогоруда айтып кеткендей, баары келип Токтогулга жабышат. Током күн болсо, калгандары анын айланасындагы планеталар. Колоттон жаңы эле чыгып келген акынын айрымдар Токтогулдан мыкты болгон деп жарыялап жиберишти. Бирок мыктылыгын, артыкчылыгын, кыйындыгын мен көргөн жокмун. Эмне үчүн акындардын баары Кетмен-Төбө өрөөнүнө агылып Токомду көрүү, ага жолугуу үчүн ашыгышкан? Кетмен-Төбө өрөөнү Кыргызстандын дал ортосуна жайгашкандыгы үчүнбү? Же жеринин керемет кооздугу үчүнбү? Жок, ал Токомдун акындык өнөрүнүн нөшөрлөп төккөн жаанынан экендигине байланышкан.

Мен мурда бир макаламда жазгандай 19-кылымдын аягында, жыйырманчы кылымдын башында Кетмен-Төбө өрөөнү Ала-Тоодогу жалпы төкмө акындардын университетине  айланган. Ошол университетке баргандан кийин, Токтогулга жолуккан, колун кармаган деген дипломго  ээ болуп, аны менен айтышып, батасын алгандар чоң кадыр-баркка ээ болушкан. А эмне үчүн акындар Аксыга агылышпайт? А эмне үчүн акындар Нарынга агылышпайт? Албетте, акындар ал жакка байлар аш-той бергенде гана барышкан. Себеби, зарылчылык жок. Анткени, Токомдун ысымы коңгуроодой шаңгырап, катарындагы кыйын делген акындардын  баарын кичинекей кылып көрсөтүп турган.

Жаап жатса калкып кар,
-Жаман кир,- дейт балчыктар.
Океанды сындоодо
Оо, көлчүктөр, чалчыктар.
Бийиктиги жок туруп,
Теректерге тең келээр.
- Экс чоку менмин,-дейт,-
Ефрейтордой дөбөлөр!

Көлчүктөр-чалчыктар океанды сындап, балчыктар жаап жаткан аппак карды кир дешип, теректердин тизесинен келген ефрейтордой дөбөлөр чокулардан  кемчилик издеген сыяктуу, Токтогулду тогуз тарабынан карап, сындаганга, кадыр-баркын түшүргөнгө көптөгөн аракеттер жасалгандыгын айта кетүүбүз абзел. Бирок анын баары текке кетип, Током кайрадан өз мейкиндигинде. Быйыл анын 150 жылдык мааракесин бүткүл түрк эли белгилешүүдө. Жалпы түрк эли буга чейин кайсыл кыргыз акынынын мааракесин белгиледи эле? Эч кимдикин белгилеген эмес. Токтогул — жалпы жер шарынын акыны. Ал горизонтторду улам ары жылдырып келатат. Себеби, анын ырлары өлбөс ырлар.

Жанында жүргөн акындар
Алыс жакка чыкпаса,
Ала-Тоонун сайынан.
Топтолуп ырдап жүрүшсө,
Тоок кепенин жанында
Токомо кайдан теңелсин,
Толгон ай болуп жаңырган!
СИБИРГЕ кеткен Токомду,
СИРИУС жылдыз тааныган.
ҮРКҮТКӨ кеткен Токомду,
ҮРКӨР жылдыз тааныган.
АЛТАЙГА кеткен Токомду
АЛЬТАИР жылдыз тааныган!

Кайран Током өзү өлгөндөн кийин да ырлары эл оозунда, элдин жүрөгүндө калаарын билген. Дараметине, кудуретине ишенген.

Жети сай бараң октолот,
Жети дубан топ болот.
Жети дубан топ болсо,
Жетигиң Токоң жоктолот.

Ак таңдай акындын биздин бүгүнкү жети дубанды айтып кеткенин карабайсызбы. Ооба, Током жоктолот, бирок адамдын жан дүйнөсүн, гүлдөткөн ырлары турганда жок болбойт!

Карбалас БАКИРОВ«Эркин-Тоо», 18.04.2014-ж.

 

Белги сөздөр: , ,
Кыргыз маданият борбору

ТОКТОГУЛДУН КЫЗЫ ГҮЛСАРА МАТЕРИАЛДАРДЫ ЖЫЙНАДЫМ ДЕГЕН ЭЛЕ…

toktogul

– Мира Мамытовна, сиздин атаңыз кезегинде Төрөкул Айтматов менен бирге иштешкен коомдук ишмер эле. Совет бийлигинин алгачкы активисттеринен болчу. Улуу акын Токтогул Сатылганов менен да жакын мамилеси бар деп укканбыз. Кетмен-Төбөдө атаңыздын ревкомдукка шайланышында Токтогул акындын катышы бар деп да айтышат, улуу инсандар тууралуу ар бир табылга тарыхый нерсе катары баалуу эмеспи, балким, сиз окурмандарга мурун айтылып, жазыла элек нерселерди айтып берерсиз?

– Ооба, бул сөз чындык. Мен аны башынан айтайын. Ал тарыхый окуяны жазуучу Төлөгөн Касымбеков “Кел-кел” романына да колдонгон. Романда автор эл арасындагы ошол оош-кыйыш мезгилди чогулган элдин психологиясынан чебер көрсөтөт эмеспи. Эски замандын байбачалары менен жаңы замандын Токтогул баштаган орус-кыргыз жамаатынын ревком шайлоодогу кайым айтышуусу чебер жазылган.

 

Толугу менен

Кетмен-Төбөнүн ревкомуна шайлоо, менин атамын маалыматтары боюнча, 1919-жылы өткөн. Мамыт томояктын өкмөткө шайланып калгандыгы Кетмен-Төбөдө эл башкарып жүргөн Рыскулбектин балдарына жаккан жок. Ошол учурда басмачыларга каршы атам элди топтоп, аларды жок кылууга да күч үрөгөн.

Атам Токтогулдун осуяты боюнча жаңы заман үчүн, Кеңеш өкмөтү үчүн кашык каны калганча күрөшүүнү максат кылып койгон. Ал үчүн билим керек экендигине көзү жеткен. 1920-жылы Анжиянда кыргыз-кыпчак съезди болот деп, Кетмен-Төбөдөн 18 манаптын балдары чакырылган. Атам ошолордун атын багып, алар менен кошо жөнөп кетет. Съезд башталгандан тартып күндүз аттарды ырастап коюп, делегаттарга көрүнбөй съездде болгон сөздөрдүн баарын угат.

Съездди өткөргөнү келген Түркстан БК бюро мүчөсү Ш.Капсаламов менен кызыл командир Осмонбеков Арстанаалыдан суранып жатып солдаттарга кошулуп, Ташкенге кетет. Ал жерден Кыргызстандын ар жеринен келип, мугалимдердин алты айлык курсунда окуп жүргөн байдын балдарына жолугуп, ошол курска кирип окуп калат. Мугалимдик кесиптен тышкары саясый жактан да зор билим алып чыгат. Комсомолго, анан партияга өтөт. Ошондон тартып өзүн коммунисттик партиянын анык солдаты катары сезип, колунан келишинче кызмат кылат. Ал кайда жүрсө да Токтогулдун ырларындагы накыл сөздүү саптар көкүрөгүндө турчу экен. Өзүнчө бир ыйык сезчү окшойт.

Ошентип атам туулуп-өскөн Кетмен-Төбөнүн биринчи мугалими болду, мектептерди ачты, партиялык уюмду түздү, райкомдун биринчи катчысы болду. Андан кийин Ош облусуна өттү, обком партиянын саясый бөлүм башчысы болуп, кыргыз, өзбек балдардан кадр даярдады. Облаткомдун төрагасы болуп Төрөкул Айтматов менен (ал киши обкомдун биринчи катчысы эле) жер-суу реформасын түштүктө ийгиликтүү өткөрүштү. Ошентип, 1928-жылы Төрөкул Айтматов Мос­квага окууга кетет, Мамыт Ботбаев Фрунзеге БК “Союз кошчунун” жооптуу катчысы болуп которулат. Дегиңкиси ушунун баарына алгач таасирин тийгизген улуу акын Токтогул болгон экен.

– Композитор Затаевич кыргыз ыр, күүлөрүнүн нотасын жазган жылдарда Токтогулду Мамыт ата алдырып келгени ыраспы?

– Ырас, акынды чакыртып, борборго алып келишмек болгон. Ошондо Токтогул Сатылгановду шаарга алып келиш үчүн атам атайын өзү Кетмен-Төбөгө келет. Ал кезде жол татаал болчу. Токомун улгайып калган кезинде кыйналып калбасын деген экен. Акын биздин үйдө он чакты күн болуптур.

– Аа, анда апаңыздан да акын тууралуу уккандарыңыз эсиңизде бардыр?

– Менин апам Чапырашты бийдин кызы болгон, Током жөнүндө кичинекей кезинде ата-апаларынан уккан болсо керек. Ар дайым анын Затаевич менен жолугушкан күндөрүнөн айтып калар эле. Током 64 жашта болсо да, күнү-түнү талыкпай, чарчабаганына апам таң калчу экен. Күндүзү Затаевичке барып күүлөрүн жаздырып, кечкисин Токому жакшы көргөндөр артынан калбай топтолушуп, ырын угуп, өзүн көргөндөрүнө ыраазы болуп, таңга маал үй-үйлөрүнө тарашчу экен. Таңга чейин тынбай ырдаганын элестет…

Токомун төкмөлүгү, пейилинин кенендигине жараша ичинен кайнар булактай болуп ырлары оргуштап тургансыйт. Ырдаганына жарашкан кыймылы, куудулдугу да бар тура. Азыркыча айтканда жаратмандыгы менен аткаруучулугу ашкере керемет туулган адам Токтогул болгон. Башындагы топусу бирде желкесине барып, бирде төбөсүнө конуп калып, куудул сөздөрүнө коштолуп кубулуп турчу экен. Мындай талыкпай күндүр-түндүр бирдей төгүп ырдаган акынды Затаевич эч көрмөк турсун, уккан да эмес экен.

– Атаңыз менен улуу акындын мамилеси үзүлгөн эместир?

– Албетте, атам өнөрдү сыйлаган адам эле да, Токтогулду өзгөчө урматтачу. Кызмат абалынан гана кээде алыстыктан узакка көрүшпөй калышчу окшойт. Кийин 1932-33-жылдары атам “Суусамыр” совхозунда директор болуп иштеп жүрдү. Ал жердегилер атаман Током жөнүндө көп сурашчу экен. “Иш кичине оңолсун, мен сиздерге ал кишини чакырып берем” – деп жүргөн экен. “Иш оңолсун” – деп айтканы, 1932-жылы жут болот, ал Орто Азия боюнча болсо керек. 1933-жылы жер-жерлерди ачарчылык каптайт, айрыкча казак эли тентип кетүүгө дуушар болот. Ачка болгон эл эпидемияга кабылат, отурукташкан жерлерин таштап Кыргызстанды, айрыкча Суусамырды капташат. Менин атам суусамырлыктарды үндөп, атактуу Кожомкулду, Шейрен аксакалды баш кылып, ачкадан өлүмгө дуушар боло тургандарга жардам берип, аман алып калышат. Далай казактын уландары ошондо аман калып, кыргыздардын арасында жүрүп, кыргыз болуп калышкандары ушул убакытка чейин жашап жүрүшөт.

1933-жылы ачарчылык басыла баштаганда атам Токому чакырып, эл менен учураштырууга камынып жүргөндө, акын 70 жашка жетпей каза болуп калган экен. Ошентип асыл Током бул дүйнөдөн өтүп кетет. Атам өзү да кийинчерээк 1937-жылы репрессиянын алааматына туш келген. Мен чоңоюп калган кезимде Током жөнүндө, кызы, баласы бар экенин эл оозунан угуп жүрдүм.

– Сиз аларды көрүп калсаңыз керек?

– Мен Токомун кызын көрүп калдым. Ал мындайча болду. Бир күнү мен жаңы окууга кирген кезде, 1951-жыл болсо керек эле, шаардагы Токтогул көчөсү менен баратсам, бир татынакай, модалуу кийинген кыргыз кыз рес­торандан тамак куюлган кичине идишти алып бара жатыптыр. Суктанып карап жанынан өтүп кетип, бирөөдөн сурасам, “Токтогул акындан кызы ушул” деди. Кийин билсем, анын аты Гүлсара экен. Арадан эки жыл өттү, баягы көчөдөн дагы өтүп баратсам, Гүлсара мени чакырып алып үйүнө киргизди. Током үчүн салынган үч бөлмөлүү үй экен, залында бир жаш бала отуруптур. Анан сүйлөшүп олтурганда айтып калды:“Мен жакында Жаңы-Жол районуна барып келдим, Токтогул атамын баскан-турган жерлерин көрүп, учурашкан кишилери менен жолугушуп, көп материал топтоп келдим, эми жазам”, – деди. Ошону менен кийин жолугушкан жокмун. Бирок, мен 1959-жылдары Москвада МГУнун жатаканасында жашап жаткан учурда Токтогулдун кызы Гүлсара кызы менен, дагы бир сиңдиси каза болушуптур деген суук кабар угулду. Ушундай залкар композитордун үйүндө жашоого жакшы шарт жок, балдары таш көмүрдүн түтүнүнө уугуп өлөт деген эмне деген шумдук деп, көзүмө жаш алып отурдум.

– Анда акындын кызы Гүлсаранын акыркы жыйнаган материалдары жазылбай же жарыкка чыгарылбай калган болсо керек?..

– Ошондой го, болбосо эмгиче айтылат эле. Жогоруда берген сурооңо да ушул жообум катышса болот го. Ошол Гүлсаранын кол жазмалары кайда калды экен? Азыр ошол чакан үй борборубуздун Токтогул көчөсүндө дагы эле турат, адабият музейине арналганы менен, Токтогулдай улуу акындын музейи катары тыңыраак бир экспонаттар жокко эсе, ушуга көңүл бурулса деген ой жүрөктү өйүйт. Токтогул улуттун сыймыгы болгон залкар талант, ал бирөө эле го!

Ал эми Батышта же Россияда залкарлардын үй-музейлерин көргүлөчү? 1970-жылдары мен Австрияга турист катары барып калдым. Программада композитор “Штраустун жери” деген бөлүм бар экен. Бир учурда бир көчөнүн боюнда атайы жасалгаланган аянтка алып барса, И.Штраустун вальсы ойнолуп жатыптыр. Кандай музыка, кандай жасалга, Штраустун айкели кара мрамордон жасалган, айланасын карап отуруп, ошол аянтты жасоодо композиторго канчалык көңүл бөлүнүп, өзгөчө сүйүү менен ойлонуп курулган аянт экендиги көрүнүп турат. Аттиң ай, кең Кыргызстанда биздин акындардын атасы Токомо да ошондой бир бурч ыйгарылып “Чоң кербез” ар дайым чертилип турса кана – деп тим болосуң. Ушул жерден австриялыктардын экологияга кылган мамилесин айта кетким келип отурат. Штраустун аянтчасынан “Венский вальс” деген вальсты угуп отуруп, эми биздин ошол Вена токоюнун жанынан өтүп бара жатканда “машиненин жүрүшүн төмөндөтүп коюңуз, биз бир жакшылап көз салып өтөлү, ушундай татынакай вальсты арнаган жерди бир көрүп алалы”, – деп коштоп жүргөн адамдан сурандык, анда ал “ – машинелер бир тамчы түтүн калтырбай кетүүбүз керек, токтобогонго мажбурбуз, антпесек, түтүн эмгиче токойду кууратып коймок, сиздердин өтүнүчүңүздөрдү мен орундата албайм, бизде атайын токтом бар, аны биз буза албайбыз”, – деп жооп берди. Ал эми бизде болсо “Кызыл китепке” кирген өсүмдүктөргө да карабайбыз.

– Сизге рахмат, кызык маек куруп бердиңиз, акырында бир нерсе айтам дедиңиз эле?

– Акындын мааракесин түрк элдеринин майрамы катары эл аралык деңгээлде карап жатышса, бул – кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Жөн эле эскере бербей, эсте каларлык иш-чаралар өтүлсө деген ойдомун. Токомдун 150 жылдык урматына 150 миң түп пихта отургузсак сонун болот эле. Ушул акцияны ишке ашыруу үчүн быйыл кыш түшкөнчө кам көрүү керек.

Мира БОТБАЕВА, Биология илиминин кандидаты,
Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 25.03.2014-ж.

 

Белги сөздөр: , ,